Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Икрамов: Казакстанга сууну каалагандай бердик. Суунун каалагандай агызып жатып, азыр суу жок, ун жок

Министрлер кабинети кышка даяр эмес экенин көрсөттү. Бул тууралуу Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

«Казакстанга сууну каалагандай бердик. Суунун каалагандай агызып жатып, азыр суу жок, ун жок. Бул башталышы эле, күз башталбай жатып, бир кап ун миң сомго чыгып атат. Биз буга чейин «азык-түлүк кымбаттап жатат, көзөмөлгө алгыла» деп канча айтып келдик. Элдерден акча жыйнашты билебиз, а элди кантип багышты билбейбиз да. 500 сомго пенсиясын кошкон менен, унга эле 1000 сом бир күндө кошулуп жатпайбы», — деди Икрамов.

Депутат ундун кымбаттап кеткенин аткаруу бийлигинин шалаакылыгы деп баалады.

Тазабек Икрамов Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн парламентке келип, азык-түлүк баалары жана кышка даярдык тууралуу маалымат берүүсүн талап кылды.

21 Сентябрь 2023 жыл 9:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча