
Депутат Тазабек Икрамов Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго карата нааразы болгон оюн билдирди:
«Кышкы жылытуу сезонунда Министрлер кабинети үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салып, аны менен катар жеке турак жайларга Кара-Кеченин көмүрүн пайдаланууну токтоткону турушат. Анын ордуна Казакстандын көмүрүн пайдаланууну сунуштоодо. Кара-Кеченин көмүрү өздүк наркын кошкондо борбор калаага келген баасы 4500-5000 сомдун тегереги, ал эми Казакстандын көмүрү болжолдуу 6000 миң сомго чейин болот. Бул ачык эле элди тоноо. Казакстандын көмүрү “сапаты жакшы” деп, айтылганы менен коңшулар деле кышкысын ыштан арыла албай, биздин борбор калаадай эле аларды кара түтүн каптап турат. Бул жерде жеке кызыкчылыктар болушу толук мүмкүн.
Экинчи маселе. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардын коомдук транспортторунун жол кире акысын 20-22 сомго чейин көтөрүүнү сунуш кылды. Бул дагы элди тоноо болуп эсептелет. Айрым үй-бүлөлөрдө беш-алты окууучу, стунденттер бар. Алардын жол кирелери үй-бүлөлүк бюджетке оңбогондой залака келтирет. Өкмөттүн эки жооптуу чиновниги элдин жашоо шартын жакшырткандын ордуна тескерисинче, карапайым калктын чөнтөгүнө кол салып жатышат. Элди мынчалык тоногудай Жапаров менен Абдыкадыров Гандурастан келишти беле?»,— деп суроо салды ал.