4-октябрда Алматы шаарында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы
күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары Н.Турусбеков баштаган Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз
жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын делегациясы Борбордук Азия аймактык
маалыматтык координациялык борборуна мүчө мамлекеттеринин Улуттук
координаторлорунун кезектеги жыйынына катышты.
ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Борбордук Азия аймактык маалыматтык координациялык борборуна мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле БУУ БКБнын Борбордук Азиядагы аймактык кеңсесинин жетекчиси А.Миттал жана
Борбордук Азия аймактык маалыматтык координациялык борборуна директору
А.Язлыев катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Борбордук Азия аймактык маалыматтык
координациялык борборунун өнүктүрүү стратегиясынын долбоорлорун,
Жашыруун маалыматты коргоо жана алмашуу жөнүндө макулдашууну, борбордун
бюджетин түзүүнүн эрежелерин, ошондой эле ишмердүүлүктү андан ары
өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча башка актуалдуу маселелерди карап
чыгышты.
