ИИМдин буйругу менен ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы, милициянын полковниги Таалайбек Алижановду салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышты.
Белгилей кетсек, ал ички иштер органдарында 1991-жылдан баштап кызмат өтөй баштаган. Көп жылдык ак ниеттүү кызматы үчүн ИИМдин көптөгөн ведомстволук сыйлыктары менен сыйланган.
Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын полковниги Сталбек Рахманов кынтыксыз кызматы, мыйзамдуулукту жана тартипти чыңдоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип, полковниктин кесипкөй сапаттарын белгиледи.
«Кызматыңызда сиз ар дайым жоопкерчилик, чынчылдык жана боорукердигиңиз менен өзгөчөлөндүңүз. Сиздей кесип ээлери менен биз ар дайым сыймыктанабыз. Үй-бүлөңүз жана жакындарыңыз дагы өзгөчө ыраазычылыкка татыктуу. Келечектеги жарандык жашооңузда жигердүү турмуштук позицияңызды жоготпой, жаштарга билим берүүңүздү каалайм”, — деди Сталбек Рахманов.
Таалайбек Алижановду куттуктоо үчүн ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчилери жана өздүк курамы чогулуп, ак ниет кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, даярдалган белектерин тапшырышты.