Жыл сайын 5-октябрда кызматы ар дайым тобокелчилик менен коштолуп, берилгендикти жана кайраттуулукту талап кылган кылмыш иликтөө кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешет. Кылмыш иликтөөнүн тарыхы 1918-жылы 5-октябрда кылмыштуулук мжана бандитизм менен күрошкөн бөлүм уюшулгандан тартып башталган.
Өзүнүн 105 жылдык тарыхында кылмыш иликтөө кызматкерлери кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өздөрүнүн олуттуу салымдарын кошуп, иштин татаал тилкелеринде иштешип, өз милдеттерин толук аткарышып, жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого аракет кылышкан. Кылмыш иликтөө кызматкерлери көп сандаган кылмыштардын бетин ачышып, тоноочулар менен ууруларды, киши өлтүргөндөрдү жана зордуктагандарды зыянсыздандырышты.
Замандын талабына ылайык, азыркы учурда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында жогорку технологияларды колдонуу менен кылмыштарды ачуу боюнча бөлүмү ачылып, алар тарабынан жер-жерлерде ыкчам кызматкерлерине практикалык жана техникалык жардам көрсөтүлүп, натыйжасында ушул жылы катталган адам өлтүрүү, каракчылык, өлүм менен коштолгон денеге оор залал келтирүү кылмыштарынын баарынын бети ачылган.
Андан сырткары, ушул жылы республика аймагында каракчылык менен алектенген курамы 18 адамдан турган трансулуттук террористтик топ кармалган. Алар бир нече жылдан бери ишкерлерди коркутушуп, башка бирөөнүн ири өлчөмдөгү мүлктөрүн тартып алуу жана карактоо менен алектенип келишкен.
Ошондой эле, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы коомдун жашоо-тиричилигинин бардык чөйлөрүнө олуттуу таасир тийгизип, коомдук механизмдердин туура иштешин бузган уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүп келүүдө. Биздин ыкчам кызматкерлердин жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында 2023-жылы ар кандай кылмыштарды жасоого шектелген 147 уюшкан кылмыштуулуктун субьектилери кармалды.
Урматтуу кесиптештер, кылмыш иликтөөнүн кызматкерлери жана ардагерлери! Ушул салтанаттуу күнү сиздерге ак эмгегиңиздер үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирүүгө жана бардыгыңызды кесиптик майрамыңыздар – Кылмыш иликтөө кызматкерлеринин күнү менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!
Сиздерге чын дилимден бекем ден-соолук, кайраттуулук, ишмердүүлүктө чоң ийгиликтерди жана кызматтык өсүштү каалайм.

Терең урматтоо менен,
ИИМдин КИББдин башчысы
милициянын полковниги Оролбек Акпаров

От admin