Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
1000257876

ИИМдин Академиясынын 1-курсунун курсанттары ант беришти

13 / 100

2024-жылдын 31-октябрында Ички иштер министрлигинин Академиясынын 1-курсунунун курсанттарынын ант берүү аземине арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чарага Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, Жогорку Кеңешинин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков, ички иштер органдарынын генералдары, ардагерлери, ИИМдин башкармалыктарынын башчылары, курсанттардын ата-энелери, жакындары жана Академиянын өздүк курамы катышты.

Окууга кабыл алуудагы атайын сынактардан жана жаш жоокерлердин курсунан ийгиликтүү өткөн 120 дан ашык курсант Ата Мекендин алдында салтанаттуу ант берип, милициянын катардагы наамына ээ болуу менен кызматка болгон алгачкы кадамдарын аткарышты.

Ант берген курсанттарды Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков куттуктады.

“Ант берген курсанттарды кылымдык тарыхы бар ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана кесипкөй коомчулуктун катарына кошулушу менен чын дилимден куттуктап, окууларына ийгилик каалайм. Тандап алган кесибиңердин маанисин, анын мазмунун жана коом ар бириңерге жүктөгөн жоопкерчиликтин тереңдигин түшүнүү да абдан зарыл. Анткени бул кызмат сиздерден кайраттуулукту, кесиптик чеберчиликти жана жогорку деңгээлдеги даярдыкты талап кылат. Алдыда төрт жыл бою билим алуу, дыкат даярдык жана сыноолор бар. Бирок дал ушул билим жана көндүмдөр сиздерди мыкты кызматкер, өз ишинин кесипкөйү кылып, кызматтык милдеттерди аткарууга, туура чечимдерди кабыл алууга жардам берет. Ал эми милиция кызматкерлеринин сапаттуу ишмердүүлүгү — бул өлкөнүн туруктуулугунун жана өнүгүүнүн, жарандардын коопсуз жашоосунун кепилдиги болуп эсептелет”-деди министр өз куттуктоосунда.

Андан соң курсанттарды ИИОнун ардагерлери да куттуктап, кең келечек каалашты. Салтанаттуу иш-чара ИИМдин Академиясынын өздүк курамынын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

31 Октябрь 2024 жыл 10:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча