Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

ИИМ: Пакистан, Бангладеш жарандары иштеген тигүүчү цехке кол салгандар аныкталды

Аламүдүн айылында жайгашкан тигүүчү цехке кол салып, анда иштеген чет элдик жарандарды сабоого шектелип 5 киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматында, шектүүлөр 18-майда саат 04.00 чамасында цехке кирип, Пакистан, Индия жана Бангладештин жарандарын ур-токмокко алып, алардын акчасын, уюлдук телефонун тартып алышкан. Тигүүчү жайга дагы материалдык зыян келтирилген. 14 чет элдик жаракат калып, үчөө ооруканага түшкөн.

22 Май 2024 жыл 8:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча