Сузакта желекти өрттөдү дегендер кармалды. Алар 16 жана 19 жаштагы кыздар болгон. 19 жаштагы А.к.М. «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмуна 2022-жылы кирип, кийин ата-энеси жок 16 жаштагы кызды жанына шакирт кылып алып алган.
УКМК билдиргендей, бул ишке тиешеси бар делип 19 жаштагы кыздын энеси менен улуу агасы да кармалды. УКМК маалыматына ылайык, алар аталган кылмыш тууралуу билишкен. Ал эми атасы чет жакта иштеп жүргөнү айтылды. Буга чейин ал экстремисттик материалдарды сактаган деп жоопко тартылган.
Атайын кызмат 19 жаштагы кыз Бек-Абад айылындагы эки аялдан экстремисттик идеология боюнча сабак алып жүргөнүн, алар дагы кармалганы айтты.
Кыжыр кайнаткан окуя 30-майга караган түнү Бек-Абад айыл аймагында болгон. Белгисиз адамдар эки мектепте Кыргызстандын илинип турган желегин алып, өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак чүпүрөктү илип кетишкен.
Ушундай эле нерсе айыл өкмөттүн кире беришиндеги дарбазага дагы илинген.