Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Хиджабга каршы чыгармасы үчүн Иранда белгилүү ырчыга кылмыш иши козголду

Ирандын соту белгилүү ырчы Мехди Яррахиге кылмыш ишин козгоду. 27-августта таратылган билдирүүдө “ислам коомунун салт-санааларына каршы мыйзамсыз ырын чыгаргандан кийин ага карата кылмыш иши козголгону” белгиленет. 25-августта Яррахинин “Сенин башыңдагы жоолугуң” деген аталыштагы чыгармасы жарык көргөн. Анда ырчы кыз-келиндерди жоолукту чечүүгө үндөгөн. Яррахи азырынча камакка алына элек.

Иранда бардык аялдардын башын жана моюнун жаап жүрүүсүн талап кылган мыйзам бар. Адеп-ахлак полициясы эреженин сакталышын көзөмөлдөп, тартип бузгандарды көчө камералары аркылуу табат. Буга чейин мыйзамды бузгандарды 10 күндөн эки айга чейинки камакка алуу каралган.

Былтыр сентябрда 22 жаштагы студент кыз хиджаб кийүү эрежесин бузган деп кармалгандан кийин көз жумган. Анын өлүмү өлкөдө жапырт нааразылык акцияларына себеп болгон. Демонстрацияларда жүздөгөн адам өлүп, айрымдарын бийлик дарга асты.

28 Август 2023 жыл 11:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча