Грузияда казак журналисти Жанбота Төлөген өлтүрүлгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу журналист Назира Даримбет социалдык тармактагы баракчасына жазды.Маалыматты Казакстандын Тышкы иштер министрлиги менен Грузиянын Ички иштер министрлиги да тастыктады.«Жанботанын классташтары 21-майда Грузиянын Телави шаарында өлтүрүлгөнүн кабарлашты! Ишенбейм, бул кандайча болду? Ал ал жакка кантип жетти?», -деп жазды Назира Даримбет.24-майда Грузиянын Ички иштер министрлиги Г.Х. аттуу жаран Сагареджо муниципалитетинде чыккан чыр-чатактын натыйжасында чет элдик эски таанышын өлтүргөнүн кабарлаган. Жанбота Төлегендин аты-жөнү жана туулган жылы маркумдун инициалы менен дал келет.Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 19-июнда бул маалыматты тастыктады. Ведомство журналист Грузияда жеке иш сапары менен болгонун жана бул окуя анын кесиптик ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи.