Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Голливуд Бишкекке келди: Америкалык сценарист Кыргызстандык профессионалдар менен мыкты тажрыйбаларды бөлүшүүдө

Кыргыз Республикасынын чыгармачыл индустриясынын 25 мүчөсү, анын ичинде сценаристтер, кинорежиссерлор жана продюсерлер 14-18-август аралыгында Америкадан келген америкалык сценарист Нора Уинслоу менен телесценарий жазуунун алдыңкы ыкмаларын жана көндүмдөрүн өздөштүрүштү. Уинслоунун иш сапары АКШнын Мамлекеттик департаментинин Борбордук Азия Дизайн Хабы/IREX тарабынан ишке ашырылып жаткан жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Америка тасмаларынын көргөзмөсү долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.
Катышып жаткан кыргызстандык продюсерлер жана сценаристтердин телесериалдар, даректүү
тасмалар жана кино тасмалар боюнча чоң тажрыйбасы бар, Борбор Азияда жакшы таанымал
жана бир катары эл аралык деңгээлде таанылган.
Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Уинслоу айым телесценарий жазуу
боюнча мастер-классты жетектеп, карьерасынын башталгыч катышуучулары үчүн потенциалды
жогорулатуу боюнча семинар өткөрдү жана Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту
(IWPR) тарабынан уюштурулган #GoNight ачык талкуусуна катышты. Жалпысынан бул иш-
чаралар Голливуддун мыкты тажрыйбасын жана Голливуд стилиндеги “жазуучунун бөлмөсү”
моделин Кыргызстандын чыгармачыл индустриясынын өкүлдөрү менен бөлүштү.
Нора Уинслоу – кино жана теле көрсөтүүдөгү сценарий жазуучусу, ал шоуларда, анын ичинде
Miracle Workers (TBS), Future Man (Hulu) жана Netflix жана Roku долбоорлорунда иштеген. Нора
Sony Animation, TBS жана Columbia Pictures сыяктуу компаниялар үчүн оригиналдуу жана
ылайыкташтырылган кино жана телекөрсөтүү сценарийлерин иштеп чыккан. Жакында ал Starz
каналында тартуулана турган Minx-тин экинчи сезонунда көзөмөлдөөчү продюсер болуп
иштеген.

American Film Showcase – бул АКШнын Мамлекеттик департаментинин кино алмашуу долбоору.
АКШ элчиликтери менен биргеликте бул долбоор дүйнөлүк аудиторияга кино аркылуу Америка
коому жөнүндө түшүнүк берет жана жергиликтүү режиссерлорду жыл сайын 60тан ашуун өлкөдө
өз окуяларын айтып берүүгө үйрөтөт. Америкалык кино көргөзмөсү 2012-жылдан бери Түштүк
Калифорния университетинин кинематографиялык искусство мектеби тарабынан даярдалып
келет.

22 Август 2023 жыл 8:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча