Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри болуп иштеп келген Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.