Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Малайзиянын футболчулары беттешет. Мындан улам адаттагыдай эле борбордук көчөлөр жабылмакчы
Бул көчөлөрдөгү автокыймыл саат 14:00дөн тарта оюн бүткүчө чектелет:
Фрунзе көчөсү. Исановдон Панфиловго чейин
Тоголок Молдо көчөсү. Чүй проспектисинен Фрунзеге чейин
Белгилей кетсек, футболдук беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 21:00дө башталат.