Финансы министрлиги билим берүү тармагына кеткен чыгым 2 эсеге көбөйгөнүн кабарлады
БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА 2023-ЖЫЛЫ 65,3 МЛРД СОМГО КАРЖЫЛАНАТ. 2020-
ЖЫЛГА САЛЫШТЫРМАЛУУ ЭКИ ЭСЕГЕ КӨБӨЙДҮ.
Кыргыз Республикасында акыркы жылдары республикалык бюджеттин кирешелеринин
көбөйүшү менен мамлекеттик, анын ичинде билим берүү тармагына чыгашалардын өсүшү
байкалууда.
Билим берүүгө чыгымдардын динамикасы:
- 2019-жыл — 32,6 млрд сом же ИДПга карата 5,5%;
- 2020-жыл — 36,2 млрд сом же 6,0%;
- 2021-жыл — 40,7 млрд сом же 5,6%;
- 2022-жыл — 63,2 млрд сом же 6,9%;
- 2023-жыл — 65,3 млрд сом же ИДПга карата 7,0%.
Мындан тышкары, чыгаша статьяларынын эсебинен билим берүү тармагына республикалык
бюджеттен социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө бөлүнгөн.
Капиталдык салымдар:
- 2019-жыл 1,9 млрд сомду же капиталдык салымдардын жалпы чыгашасынын 35%ын түзөт;
- 2020-жылы — 1,2 млрд сом же 38%, 2021-жылы — 1,9 млрд сом же 32%;
- 2022 — 5,7 млрд сом же 33%.
Дем берүүчү гранттар:
- 2019-жыл 183,8 млн сомду же жалпы чыгашалардын 45%ын түзөт;
- 2020- жыл 204,9 млн сом же 59%;
- 2021-жылга 214,2 млн сом же 42%;
- 2022-жылга — 318,5 млн сом же 54%.
Белгилей кетсек, чыгашалардын бул беренелери боюнча негизги үлүшү билим берүү
тармагына жумшалат.
11 Июль 2023 жыл 11:39