
Буга чейин президент Профсоюздар федерациясынын жетекчилигин анын балансында турган санаториялык-курорттук жана туристтик объектилерди натыйжасыз башкаргандыгы үчүн катуу сынга алган.
Садыр Жапаров Профсоюздар федерациясы акыркы 30 жылда санаторий, курорттук жана туристтик объектилерди өнүктүрүүдө жана колдоодо эч кандай маанилүү натыйжаларга жетише албаганын баса белгиледи. Анын айтымында, бул объектилердин басымдуу бөлүгү кыйроо абалында турат, көбү сатылып кеткен, бул алардын инфраструктурасына жана тейлөө сапатына терс таасирин тийгизүүдө.
Sokol.media сайты ушул теманын негизинде «Профсоюздун пайда-зыяны » аттуу талкуу уюштуруп, анда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Омор Арстанбековдон атылып кеткен пансионаттар боюнча сурады.