Кечээ парламентте президент “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоорун артка кайтарганы маалым болду. Эми бала бакчалардагы тамак-аш толугу менен ата-эненин мойнуна жүктөлөт.
Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев былтыр бакчадагы бөбөктөрдүн тамагына бюджеттен 800 млн сом бөлүнгөнүн билдирди. Анын айтымында, эми каражат жаңы бала бакчаларды ачууга сарпталат.
Буга чейин Финансы министрлиги бала бакчалардагы балдардын тамак-ашы ата-энелердин эсебинен болорун кабарлаган. Ага 2023-жылдын 11-августунда кабыл алынган «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынганы негиз болгон эле.
Булак: Спутник кж