Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Эми Россияда чыгармачылык жаатында окуп жаткан кыргызстандык студенттерге стипендия төлөнөт

 Россиянын М.С.Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайында жана Россия театралдык искусство институтунда билим алып жаткан студент, магистрант жана аспиранттарга мамлекет тарабынан стипендия төлөнөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү токтомго КР министрлер кабинетинин төрагасы кол койду.

Бул кадам маданият жана искусство мекемелери үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо, таланттуу жаштарга дем берүү системасын өркүндөтүү жана Россиянын ЖОЖдорунда чыгармачылык адистиктер боюнча окуп жаткандарды колдоого багытталат.

Токтомго ылайык, алар окуусу аяктаганга чейин студент, магистрант жана такшалма-магистрант ай сайын 15 миң сом, кыргыз тилин окутуучуга 30 миң сом жана группалардын куратору 30 миң сом акчалай алышмакчы.

Белгиленгендей, акчалай материалдык дем берүүчү каражат Маданият министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.

22 Август 2023 жыл 12:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча