Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
ccf7e464 ed9c 4527 b150 7ddce5797236

Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

8 / 100

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн биринде жашыруун теракт уюштурууга даярданган деп шектелген Н.Р. аттуу КРнын жараны, эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалып, тергөө абагына киргизилди.
Кармалган жарандын “Telegram” мессенжериндеги жашыруун аккаунттар аркылуу жасаган бардык аракеттери террористтик уюмдардын биринин эмиссарлары тарабынан координацияланганы аныкталды. Бул кылмышты ишке ашырууга аракет кылганга чейин Н.Р. Эл аралык террордук уюмдун жетекчисине ант берген.
Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМК өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте террористтик топтун башка катышуучуларына карата тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

29 Июль 2024 жыл 8:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча