ИИМдин БМЖКККнын, Тергөө кызматынын кызматкерлери УКМК менен бирдикте Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 1995-жылы туулган Т.Т., 1996-жылы туулган Ж.А.А. кармашкан. Кармоо учурунда алар активдүү каршылык көрсөтүп, жашынууга аракет кылышкан. Ушуга байланыштуу, аларды кармоо үчүн ок атуучу курал жана атайын каражаттар колдонулган. Кармалгандан кийин алардын унаасын тинтүү учурунда 18 таңгактагы ак түстөгү кристаллдык зат табылган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Андан ары ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө эл аралык баңги тобунун дагы бир мүчөсү 2003-жылы туулган О.Л.А. кармалган. Ал баңгизатты таңгактоо жана мессенджерлер аркылуу сатуу менен алектенип, Кыргыз Республикасынын бардык аймагына жөнөтүп жүргөн.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1995-жылы туулган Т.Т.Т., 1996-жылы туулган Ж.А.А. материалдык пайда алуу максатында узак убакыт бою баңгизаттардын өзгөчө ири партияларын сатуу үчүн чек арага чектеш өлкөлөргө ташуу жана эл аралык жөнөтүү менен активдүү алектенип келишкен. Ал эми, 2003-жылы туулган О.Л.А. көп убакыттан бери Россия Федерациясынын Волгоград шаарында баңгизатты белгилүү бир дарекке таштап кетүү менен алектенип жүргөн. Белгилей кетсек, жогоруда аталган баңги топтун мүчөлөрү чет өлкөлүк кураторлор тарабынан мобилдик мессенджерлер аркылуу көзөмөлгө алынган.
Бул атайын операциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жана атайын кызматтын кызматкерлери мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4,7 кг ашык «мефедрон» психотроптук затын табышкан.
Жогорудагы факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.
Аталган жарандардан табылган «мефедрон» психотроптук заттын 28 миң даана дозасынын тарап кетүүсүнө бөгөт коюлду. Ошондой эле, алардын психотроптук затты мыйзамсыз жүргүртүүсүнөн алынган кирешеси 25 млн. 850 миң сомду түзмөк.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана республиканын аймагына өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатты алып келүүчү каналдарды жабуу боюнча ведомстволор аралык кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.



