Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Экономика министри: Мындан ары бизди эч ким тышкы карыз менен коркута албайт!

Мындан ары бизди эч ким тышкы карыз менен коркута албайт! Мындай маалыматты экономика министри Данияр Амангелдиев таратты.
Ал акыркы эки жылда эбегейсиз зор иштер жасалып, ири долбоорлор ишке киргизилгенин айтты.

“Кумтөр” алтын кени кайтарылып, мурда Кумтөрдөн 10% пайда көрсөк, азыр 100%, 1,5 млрд. доллар өндүрүш колдо турат, токтобой иштеп жатат. Улуттук банкта 50 тоннадан ашык алтыныбыз бар”, — деди министр.

Үстүбүздөгү жылдын март айына карата Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 млрд долларды түздү. Бийлик карызды мөөнөтүнөн мурда төлөй аларын, бирок бул учурда пайызы көбөйгөндүктөн график боюнча төлөй тургандыгын билдирген.

4 Сентябрь 2023 жыл 8:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча