Ысык-Көлдө 12 пансионаттын иши токтотулду. Мындай чара көлдүн экосистемасын коргоо үчүн кабыл алынганын аймактын бийлиги билдирди.
Ишмердүүлүгү токтотулган пансионаттар:
«Белек» — Бостери
«Золотые пески» — Бостери
«Взморье Сити» — Бостери
«Асыл-Таш» — Бостери
«Дальний кардон» — Семенов айылы
«Смена» — Корумду
«Ой-Керемет» — Кош-Көл
«Золотой-Трэбас» — Кош-Көл
«Улан» балдардын ден соолугун чыңдоочу борбору — Тору-Айгыр
«Кооператор» — Чок-Тал
«Чолпон-Ата» конок үйү — Чолпон-Ата
«А. Чалжанов» конок үйү— Бактуу-Долоноту
Тизмедеги пансионаттардын айрымдары сууну чыпкалаган жабдууларды орнотууда. Алар көйгөйдү чечсе, турсезонго даяр делген паспорт берилет.