Бүгүн, 13-май күнү Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 12:44тө Өзбекстан менен Кыргызстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жерге-Тал, Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 балл, Боспиек, Кулук-Дөбө, Мукур айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.