УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз диний
ишмердүүлүккө каршы күрөшүүнүн алкагында эки диний балдар лагеринин
көмүскө ишмердүүлүгү аныкталып, аларга бөгөт коюлду.
Аталган мекемелер өз ишмердүүлүгүн КР Дин иштери боюнча
мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөстөн жүргүзгөндүгү аныкталып, анда
6-17 жаштагы 110 бала (балдар жана кыздар) билим алган.
Жашыруун лагерлердин уюштуруучусу КР жараны А.А.А., 1992-жылы
Тажикстан Республикасында туулган.
Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө аталган лагерде санитардык-
эпидемиологиялык нормаларды, билим берүү программаларын ж.б. сактоо боюнча
мыйзам бузуулар аныкталды.
Учурда аталган балдар диний лагеринин ишмердүүлүгү токтотулуп,
иликтөө иштери жүрүп жатат.