Бишкектин Свердлов районунда чет элдик жарандардын массалык мушташы болду. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 10-июнь күнү саат 23:30да 102 кызматына чет элдиктер мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул окуя дароо каттоого алынып, окуя болгон жерге Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан.
Жерине барган милиция кызматкерлери мушташ Пакистан менен Бангладештин жарандарынын ортосунда болгонун тактаган. Натыйжада 32 чет элдик жаран милицияга жеткирилген. Кармалгандарга 16 протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, мушташка катышкандардын бирине Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголуп, 5500 сом айып салынган. Эки чет элдик үч суткага камакка алынып, калгандары менен милиция профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, мушташка катышкандардын ичинен экөө алкоголдук жана баңгизатка мас абалында болгон.