Депутат Жусупбек Коргонбай уулу бүгүн Алымкадыр Бейшеналиев кылмыштуу топтун мүчөлөрүн, соттолгон адамдарды кызматка дайындап жатканын билдирген. Андан соң ЖКда министрдин ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.
Бейшеналиев бизге 2 бөлмөлүү батирде жашай турганын, кызматтык унаада жүрөрүн, андыктан мыйзамсыз баюу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эместигин айтты.
“Депутаттар Дубайда деген батиримди тапса, аларга белек кылам. Унаамды кичүү балам айдайт, аялымдын 1997-жылы чыккан унаасы бар. Улуу балам бизнесмен экени чындык. 2010-жылга чейин биз үч бөлмөлүү батиралганыбыз анык, бирок азыр эки бөлмөлүү батирде турабыз”, — деди министр.