Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Достору менен Бишкекке кеткен. Бекболот Турдушев табылды

Мурда маалымдалгандай, 26-сентябрь күнү Каракол ШИИБне арыз менен Түп районунун 58 жаштагы тургуну кайрылып, 25-сентябрь күнү саат болжол менен 15:00 чамасында Каракол шаарынан 2012-жылы туулган баласы дос балдарына жолугуп келем деп кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жататкандыгын билдирген.
Аталган билдирүү, Каракол ШИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, издөө иштери башталган.
Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, дайынсыз жоголгон өспүрүм бала Бишкек шаарында жүргөндүгү белгилүү болгон.
Көрсө, ал достору менен ошол эле күнү Бишкек шаарына чыгып, алар менен жүргөнү белгилүү болду. Баланын ден соолугуна эч кандай коркунуч жок.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул фактынын себептери жана жагдайлары аныкталып жатат.

28 Сентябрь 2023 жыл 13:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча