Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Депутат Өмүрбек Бакиров депутаттык мандатынан ажырады

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров депутаттык мандатынан ажырады. Мындай чечимди Жогорку сот кабыл алды.
Агай ылайык, депутат шайланып келген № 4 Көк-Жар бир мандаттуу округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырды.

Эске салсак, 2022-жылдын ноябрь айларында Өмүрбек Бакиров парламентте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан болчу. Эртеси ЖКнын чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы аны кабинетинен чыгарып салган.

Ал эми декабрда шайлоо учурундагы атаандашы Равшан Рыспаев «добуш сатып алган» деп мурда жабылган ишти кайрадан кароо үчүн Бишкек шаардык административдик сотуна арыз жазган. Ошонун негизинде иш кайра жандандырылган.

18 Август 2023 жыл 10:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча