“Унаа тыгыны үч жылда чечилип калат. Үч айлык мөөнөттө көйгөйдү чечүү механизмин бербесе кетет дегенбиз. Азыр берди. Мэриянын бюджетинин көбү унаа тыгынын чечүүгө жумшалат. Шаардыктардан да ар бириңиздер бирден машина айдап чыкпасаңыздар деп суранат элек. Атасы, апасы, кызы, баласы төрт унаа айдап алып төрт жерде тыгында турат”, — деди өкмөт башчы.
Айбек Жунушалиев көйгөйдү чечүү үчүн кандай иш алып барууда:
8 жерден темир жолду кесип өтчү өтмөк куруп жатат;
эки эстакадалык көпүрө болмок эле, төртөөнү курууну сунуштады;
күндүзү шаарга жүк ташуучулар киргизилбейт;
айрым мектептерди саат 7:00дө ачып, чоң мекеме, ишканаларда ишти саат 10:00дө баштоо;
Россиянын бир чоң компаниясы менен да иштешип жатат.