Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде Талас облусуна болгон шайлоочулар менен жеринде иштөө жумалыгынын алкагында көтөрүлгөн маселелерине токтолду.
«Талас облусундагы Нылды-Покровка, Көпүрө-Базар-Арал жана Калба-Талас , Кайнар Арчагул ички жолдору 3 жылдан бээри оңдолот делгени менен калып жатат. Ушул жерлерди дыкат карап койгулачы. Талас эли: “Жолдорго бир тыйын да бөлүнгөн эмес”-деп айтышууда. Эл күтүп жатат. Башта титулга киргизип, аягында жок кылып жибересиңер. Ушул маселени өзүңүз көзөмөлгө алып койсоңуз министрдин орун басары»,-деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек Марат Мураталиев 29-мартта шайлоочулар менен жеринде иш алып баруу жумалыгынын алкагында Талас облусунун Манас районунда болуп, шайлоочулар менен түздөн-түз пикир алышып, жеринен бир катар маселелер көтөрүлгөн.