Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Орусиядагы мекендештер депутат Марат Мураталиевке ыраазычылык билдиришти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев Москвадагы «Москва жана МО «Талас Биримдиги» коомунун 5 жылдык мааракесине катышып, ал жактагы мекендештерге жолугуп, бир катар маселелер менен таанышып келди.

Тагыраагы 2023-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Мураталиев, Р.Жакышов жана дипломатиялык өкүлчүлүктүн өкүлдөрүнүн Кыргыз диаспорасынын регионалдык уюмдарынын жана бирикмелеринин активисттери менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар миграция чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулашты, Россия Федерациясындагы миграциялык абал, ошондой эле ушул жылы кабыл алынган мыйзам ченемдери тууралуу маалымат беришти. Терс кесепеттерди жоюу үчүн келген мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарын сактоо зарылчылыгына көңүл бурулду.

Парламентарийлер жыйындын катышуучуларына Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөргө эмгек миграциясына кетишин азайтуу, атап айтканда, жаңы жумушчу орундарды түзүү, эмгек акыны жогорулатуу ж.б. боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымдашты.

Ошондой эле КР Жогорку Кеңешинин депутаттары иш-сапарынын алкагында Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты. Аларга Россиядагы Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кеңири маалымат берилди.

Орусиядагы мекендештер депутат Марат Мураталивке ыраазычылык билдирип, «Москва жана МО «Талас Биримдиги» коомунун 5 жылдык мааракесине карата атайын «Ыраазычылык кат» тапшырышты.

29 Август 2023 жыл 10:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча