Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Депутат Эрулан Кокулов: Мыйзам жазуу менин ишим эмес экен

Депутат Эрулан Кокулов «Мыйзам жазуу менин ишим эмес экен. Мен жазылган мыйзамдарды текшерип, анын аткарылышын талап кылам». Бул тууралуу Супер ТВга берген маегинде билдирген.

«Буга чейин мыйзам долбоор жазуу боюнча суроолор мени кысып келген. Мен ачык эле айтайын, мыйзам жазуу менин ишим эмес экен. Жогорку Кеңештин эки функциясы бар: алар мыйзам жазуу жана көзөмөлдөө. Мен көзөмөлдөө жагын колго алам. Бул тууралуу шайлоочуларыма үгүт иштери учурунда ачык эле айткам. Мыйзам жазуу менин колуман келеби, келбейби, билбейм. Колуман келишинче аракет кылдым. Бирок мен көзөмөлдөө функциясын колго алам дегем. Азыр да ошол иштерди аткарып жатам», — деди.

8 Сентябрь 2023 жыл 8:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча