“Олимпиада оюндарына үчүнчү ирет өлкөнүн атынан чыгып жатканыма сыймыктанам. Сиздердин колдооңуздар жана менин айланамдагы адамдар болбосо бул нерсе колуман келмек эмес», — деп жазган суучул.
Петрашов Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыккан алгачкы суучул.