Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

«Дагы кеңейтсем дейм». 93жаштагы Тоңдук карыя пенсиясын чогултуп, балдарга аянтча куруп берди

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Шор-Булак айылынын тургуну Үсөй Алагөзов топтогон пенсиясына балдар үчүн аянтча куруп берди. 93 жаштагы пенсионер менен Kaktus.kg редакциясынын журналисттери таанышты.

Ал жерди курууга канча акча коротконуна жооп берген жок. Анын айтымында, негизги максат балдарды телефон менен ойноп, телевизорду көп көрүүдөн алыс кылуу.

«Буга чейин аянтча болгон жерде дөңсөө бар болчу, бул жерди трактордун жардамы менен тегиздеп, анан жабдыктарды орноттук.Акимчиликтен уруксат алганбыз, убакыт болсо жерди кеңейтем. Бирок ага каруум келеби, билбейм, – дейт чоң ата.

Ага чейин ал өзүнүн көчөсүнө жарыктарды орноткон.
«Бул көчө менин атымды алып жүрөт. Бул жерге жарык орноттум. Азыр кечинде жарык, жакшы», — деди карыя.

17 Август 2023 жыл 12:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча