Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Дагы бир жолу келүүнү пландашты. БАЭден келген 150 блогердин Кыргызстанга болгон саякаты аяктады

Перс булуңундагы өлкөлөрдөн жана Европадан келген 150 блогердин Кыргызстанга болгон маалыматтык жана фактыларды изилдөө сапары аяктады. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.

Сапардын жүрүшүндө блогерлер Кыргызстанга биринчи жолу баргандагы таасирлери менен бөлүшүп, өлкөнүн кооздугуна суктанышып, дагы бир жолу келүүнү пландап жатышканын айтышты.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда туризмди жайылтуу максатында «Get lost to Bishkek, Kyrgyzstan» аталышында масштабдуу маалыматтык кампаниясы өткөрүлдү. Бул кампаниянын алкагында Бишкекке БАЭден 150 блогерден турган делегация келген.

25 Сентябрь 2023 жыл 7:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча