Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Дөңгөлөктөрдөн чыккан. Бишкекте ири өрт кырсыгы катталды

Бишкек шаарынын Свердлов районунда алдын ала маалымат боюнча Широкая көчөсүнүн №5 дарегинде дөңгөлөктөрдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат ӨКМге келип түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө Свердлов райондук №2, 3 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн.

Кошумча саат 13:12де Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1, жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Өрттү өчүрүүнүн жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

2 Октябрь 2023 жыл 11:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча