Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
WhatsApp Image 2024 07 09 at 10.47.44 1

Чет элдик валютаны мыйзамсыз алып чыгууга шектелген кытайлык жаран кармалды

12 / 100

УКМК тарабынан Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте КРнын Мамлекеттик чек арасы аркылуу накталай чет элдик валютаны мыйзамсыз ташып чыгаруу каналына каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 1971-жылы туулган Л.Д. аттуу Кытай Эл Республикасынын жараны кармалды. Аталган жаран «Достук автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргыз Республикасынан тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын толтурбастан 355 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып чыгууга аракет кылган.


Көрсөтүлгөн факт боюнча документтештирилген материалдар КР УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан электрондук эсепке алуу журналына катталып, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023- жылдын 13 январындагы «Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» №7 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынан накталай чет өлкөлүк валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынган:
– резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5000ден (беш миң) көп
накталай АКШ доллары суммасында;
– Кыргыз Республикасынын жарандарына жана резиденттерине 10 000ден (он миң)
көп накталай АКШ доллары суммасында;


Эгерде Кыргыз Республикасынын жарандары жана резиденттери 10 000ден (он миң) көп АКШ доллары суммасында накталай АКШ долларын алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10 % өлчөмүндө төлөм алуу каралган.

WhatsApp Image 2024 07 09 at 10.47.44 1
WhatsApp Image 2024 07 09 at 10.47.51
WhatsApp Image 2024 07 09 at 10.47.52
9 Июль 2024 жыл 8:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча