Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

«Чек араны кайтаруу кесип эмес, ыйык милдет». Садыр Жапаров чек арачыларды куттуктады

8 / 100

Чек араны кайтаруу жөн эле кесип эмес, Мекенди көздүн карегиндей коргоого арналган ыйык милдет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 28-май — Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен куттуктоосунда жазылган.

Мамлекет башчынын айтымында, Чек ара кызматы түзүлгөндөн бери өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылып келет.

«Чек арачы жоокерлерибиздин Ата Мекенине кан-жанын аябай берилүү менен ак кызмат көрсөткөнү өлкөбүздүн бардык жарандары үчүн үлгү болуп эсептелет. Чек араны кайтаруу жөн эле кесип эмес, Мекенди көздүн карегиндей коргоого арналган ыйык милдет. Бул кесипти тандап алгандардын баары өз мойнуна жүктөлгөн жоопкерчиликти жакшы түшүнөт. Бул маанилүү күнү Мекенибиздин чек арасын коргоодо өз өмүрүн берген бардык жарандарыбыздын жаркын элесин таазим этүү менен эскеребиз. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт, элибиздин жүрөгүндө түбөлүк жашайт», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өлкө башчы чек ара кызматкерлерине, ардагерлерине каалоо-тилектерин арнаган.

28 Май 2024 жыл 6:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча