Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

«Чакырык Кубогу» мелдеш гана эмес, жаштардын арасында ишкердик ой жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн аянтчасы

2024-жылдын 29-октябрынан 3-ноябрына чейин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кыргыз-кытай институтунун курамынан турган студенттердин командасы Кытайдын эң байыркы жана эң кооз шаарларынын бири болгон Сианьда масштабдуу иш-чарага катышып келишти. «Бир алкак-бир жол» эл аралык колледжинде ишкерликке арналган «Чакырык кубогу» аталыштагы мелдеши өтүп, ага улуттук университеттин атынан барышкан студенттердин тобу өздөрүнүн новатордук идеяларын жана ишкердик жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алышты. Мелдеш тажрыйба алмашуунун жана чыгармачылык менен иш барып баруунун, ошондой эле студенттер үчүн бизнес тармагында атын чыгарууга мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн аянтча болуп калды.

Конкурска 15тен ашык өлкө катышып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү, анын ичинде Кыргызстандын студенттери да бул тармакта өздөрүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.  «Замандан артта калба» номинациясындагы презентацияда Кыргыз-кытай институтунун бакалавр бөлүмүнүн студенти Дастан Карыпбаев жана магистрант Ху Жиалы сөз сүйлөштү. Алардын заманбап технологиялар менен учурдагы бизнес-идеяларды айкалыштырган долбоору калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты. Илимий ментор Каныкей Муратбековнанын жетекчилиги астында катышуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыкты жана чыгармачылыкты көрсөтүшүп, бизнестин заманбап тенденцияларын терең түшүнгөндүгүн гана эмес, замандын талаптарына жооп берген оригиналдуу чечимдерди да көрсөтө алышты.

Конкурс англис жана кытай тилдеринде өткөрүлүп, катышуучуларга дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан келген атаандаштар менен тажрыйба жана идея алмашууга мүмкүндүк берди. Студенттердин мындай масштабдуу мелдештерге алгачкы катышуу тажрыйбалары болгондуктарына карабастан, мыкты даярдыктын, чыгармачылык менен иш алып баруунун жана талыкпай эмгектенүүнүн натыйжасында улуттук университеттин командасы күмүш медальга татыктуу болду. Бул медаль Кыргызстандын жана Кыргыз-кытай институтунун өкүлдөрү үчүн эл аралык аренада көрүнүктүү көрсөткүчтөрдөн болуп калды десек болот.

«Чакырык Кубогу» мелдеш гана болбостон, жаштардын арасында ишкердик ой жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн аянтчасы да болуп калды. Катышуучулар тажрыйбалуу ишкерлерден жана эксперттерден баалуу кеңештерди алууга жетишишти, ошондой эле пайдалуу ишкер байланыштарды түзүүгө мүмкүндүк алышты.

«Биз студенттер арасында инновациялык идеяларды жана ишкердик рухту өнүктүрүүгө шарт түзгөн атмосфераны түзүүгө умтулабыз. Конкурс биздин студенттер үчүн өздөрүнүн таланттарын көрсөтүүгө жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелердин келечектеги өнүгүүсү тууралуу ой бөлүшүүгө эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү түзө алды «,- деди топтун жетекчиси Каныкей Муратбековна.

Конкурстун уюштуруучулары бул иш-чараны унутулгус кылган бардык катышуучуларга, калыстар тобуна жана көрүүчүлөргө ыраазычылыктарын  билдиришти. Мындай иш-чаралар ишкердик тармагында жаңы лидерлерди калыптандырууга өбөлгө түзөөрүн жана аларга тездик менен өзгөрүп турган дүйнөгө ийгиликтүү ыңгайлашууга жардам берерине ишенишерин белгилешти .

«Биз мындай жетишкендиктерибиз менен өлкөбүздү жана Кыргыз улуттук университетибизди ушундай жогорку деңгээлде көрсөтө алгандыгыбыз менен сыймыктанабыз. Бул тажрыйба биз үчүн баа жеткис болуп калды жана ишкердик тармагында мындан ары да өнүгүүгө шыктандырды», — дейт команданын катышуучусу  Дастан Карыпбаев.

Демек “Чакырык кубогу” жаштардын ишкердик чөйрөсүндө иш алып барууларын колдоого жана өлкөлөр ортосунда билим берүү тармагындагы кызматташууда маанилүү кадамдардан болду. Катышуучулар өз идеяларын көрсөтүү менен гана чектелбестен, келечектеги өнөктөштөр жана кесиптештери менен пайдалуу байланыштарды түзүүгө да мүмкүнчүлүк алышты.

12 Ноябрь 2024 жыл 17:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча