Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы Тоң районундагы окуя боюнча боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет:
2024-жылдын 7-июлунда Тоң районунундагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн Жаз-Кечүү жайлоосунда түшкөн чагылгандын кесепетинен, чабан Абдылдаев Көкүмбектин 250 баш коюу өлгөн.
Буга байланыштуу Тоң райондук ветеринардык башкармалыгы менен биргеликте жергиликтүү башкармалыктын өкүлдөрү, өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн жана жайыт комитенинин адистери менен биргеликте комиссия түзүлүп, өлгөн койлорду ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык тапшырмалар берилип, көмдүрүү жана залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүп жатат.
Тоң районунда 8-июлга карата эпизоотиялык абал туруктуу жана кошумча маалымат берилет.