
Чүй ОИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Аламүдүн районунун Васильевка айылынын имамы 1960-жылы туулган Э.Р. жашы жете элек кыз 2005-жылы туулган Б.М. менен 1995-жылы туулган Ш.Х.га нике кыйгандыгы аныкталган.
Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы билдиргендей, аталган факт Аламүдүн РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесинде көрсөтүлгөн (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда жаран 1960-жылы туулган Э.Р. аталган кылмыш ишине шектүү катарында Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бүгүнкү күндө ага карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү.