Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Чүй айылында түн ортосунда дүкөнгө кеткен кишинин жансыз денеси бир күндөн кийин суудан табылды. Бул тууралуу шаар тургундары билдиришти.
«Маркум 5-июль күнү саат 23:00 чамасында дүкөндөн азык-түлүк алып келе жатып, Чүй айылынын Западная көчөсүндөгү көпүрөдөн тайып кетип, Шамшы суусуна кирип кеткен. Анын жансыз денеси эртеси суунун ылдый жагынан табылды. Бул абдан кооптуу көпүрө жана жарыктандырылган эмес. Караңгыда адамдар жолду көрбөй, сууга кирип кетиши мүмкүн. Бул окуядан кийин жергиликтүү тургундар айыл өкмөткө көпүрөнү оңдоп берүү боюнча кайрылышты», — дешет тургундар.
Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматы маалыматты тастыктап, маркум 1959-жылы туулган А.Б. экенин билдиришти.
«5-июль күнү Чүй айылынын тургуну 1959- жылы туулган А.Б. аттуу эркек киши үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Токмок шаардык №21 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар тарабынан эртеси саат 10:40 чамасында 1959- жылы туулган А.Б. аттуу эркек кишинин жансыз денеси суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине саат 12:00дө өткөрүлүп берилген», — деп айтылат маалыматта.