
Быйыл Кыргызстанда мектеп окуучулары үчүн 1 млн 278 миң даана окуу китептери басылып чыгат. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 10 эсеге көп, 2022-жылы 123 миң китеп басылып чыккан. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Султаналиев билдирди.
Анын айтымында, акыркы күндөрү мектеп китептеринин жетишсиздиги боюнча маселе көтөрүлүп, бул көйгөй жыл сайын август, сентябрь айларында жаралып жатканын, ошондуктан китеп менен камсыздоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.