Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Буттары бүгүлгөн абалда болгон. Перуда миң жылдык мумия табылды

Перулук археологдор Лиманын түштүгүндөгү байлар жашаган Мирафлорес конушунан миң жылдык чоң адамдын мумиясын табышканын Рейтер агенттиги археологдор тобунун жетекчиси Мирелла Ганозага таянуу менен билдирди.

«Бул бүгүлгөн буттары менен отурган абалдагы чоң киши», — деди Ганоза агенттикке. Мумиянын чачы узун, жаагы дээрлик толугу менен сакталып калган, деп түшүндүрдү ал.

Сөөктөр ошол эле аймактагы Хуак Пуклананын аймагында табылган, деп жазат агенттик. Алардын жанынан археологдор керамикалык идиштерди, кездемелерди жана башка буюмдарды табышкан, деди Ганоза. Мумияга айланган адам болжол менен миң жыл мурун, азыркы Перунун борбордук жээгинде инкалар келгенге чейин өнүккөн Ichsma маданиятынын гүлдөп турган мезгилинде жашаган, деп түшүндүрдү эксперт. Ichsma Лиманын түштүгүндөгү Лурин өрөөнүндө пайда болгон Түштүк Американын түпкү маданияты жана мамлекети. Ichsma, Ichsmai мамлекети 1100-жылы пайда болгон. 1440-1470-жылдары аны Инка империясы сиңирген.

8 Сентябрь 2023 жыл 10:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча