Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

«Буранада» “Тайган Фест” эл аралык этнофестивалы өтөт

2023-жылдын 27-июнунда “Бурана” археологиялык-архитектуралык комплексинин аймагында “Тайган Фест” эл аралык этнофестивалы өтөт.

Иш-чаранын максаты — улуттук мурастын элементтерин сактоо, туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, жаңы туристтик продуктыларды, кызматтарды жана маршруттарды түзүү.

«Тайган Фест» этнофестивалынын алкагында көргөзмөлөр, жарманкелер, улуттук оюндар, аркан тартыш, тайган жарыш жана концерттик программа уюштурулат. Ошондой эле тайгандын сырткы көрүнүшүн жана иштөө сапаттарын баалоо боюнча «Тайган чубатуу» кинологиялык көргөзмөсү уюштурулуп, анын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталат.

Иш-чаранын уюштуруучулары: КР Экономика жана соода министрлигине караштуу Туризм департаменти, Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, «Жаштар өнүктүрүү ресурстары» коомдук фонду, «Кыргыз тайган клубу» коомдук бирикмеси.

22 Июнь 2023 жыл 9:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча