Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

«Бул адамдын жакшылыгына да, жамандыгына да барбайбыз». Шавкат Мирзиёевге жардам сурап кайрылган жаран боюнча эл чогулду

«Бул адамдын жакшылыгына да, жамандыгына да барбайбыз». Интернетте тараган видео боюнча жыйын өттү

Амир-Темир шаарчасынын тургундары жыйын өткөрдү. Жергиликтүү эл Өзбекстандын президентине кайрылган жарандын мыйзам чегинде жазага тартылышын колдой турганын айтышты.

Жергиликтүү тургундардын бири бул кишинин жакшылыгына да, жамандыгына да эл эми барбай турганын айтты.

Эске салсак, Ош шаарынын тургуну Шавкат Мирзиёевге жардам сурап кайрылган.

«Урматтуу Шавкат Миромоновичке өтүнүчүм бар. Ошко келүүңүздү суранабыз. Жүрөгүбүз толуп кетти. Айлам жок, ачык айтып жатам. Он-Адырга келип тарыхта кала турган иштерди жасасаңыз жакшы болмок. Биз баарын ачык айтып бермекпиз. Бизди ойлошпойт, документ, жол менен иши жок. Улутчулдук чектен ашып кетти. Балким сиз ал жөнүндө билесиз. Документтерди атайлап ката басып чыгарышат. Алар бизди мазакташат», — деди түштүк борбордун жашоочусу.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, кайралуусун жасаган адам Амир-Тимур кичи районунун 60 жаштагы тургуну. Аны шаардык милиция бөлүмүнө алып барып видео тартуунун себептерин сурашкан.

Учурда видеодо айтылган фактыларды аныктоо үчүн жергиликтүү бийлик менен бирге иш жүрүп жатат.

18 Август 2023 жыл 12:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча