
Бүгүн, 4-сентябрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында маркум 16 жаштагы Атай менен Эрнурдун ата-энелери акыйкат издеп кайрылышты.
Атайдын атасы Ниязбек Ажыгуловдун айтымында, уулу 9-июнь күнү досу Эрнурга жардам берүүнү чечип, буга чейин бир топ өспүрүмдөр чогулган Ботаникалык бакчага барган. Эрнурдун апасы Нуржамал Сарыкова айткандай, бул өспүрүмдөр анын уулу менен сүйлөшүү үчун бычак менен келишкен. Ошол жерден Эрнур сабалып, Атай бычакталып, натыйжада ал каза болгон.
Андан соң кылмышка шектүү — борбордогу мектептин окуучусу А.Р.кармалган.
Бир нече күндөн кийин, 13-июнда милицияга Эрнурдун сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бала асынып алган. Анын атасы Эркин Акжолов белгилегендей, Эрнур эч кандай конфликтке барбаган, токтоо жана боорукер болгон.
Атайдын адвокаты жана атасы Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү кылмыштын негизги уюштуруучусун аныктай элек деп эсептешет. Алардын айтымында, ал дагы «Сапаттын» окуучусу. Маалымат жыйындын катышуучулары бийликтен алардын ишине көңүл буруп, бардык тиешеси барларды жоопко тартууну суранышты.