Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Боом капчыгайында төрт күн бою таш кулатылат

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 129-чакырымындагы Боом капчыгайында төрт күн бою таш кулатыла турганын «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматта иштер 20-майда башталып, 24-майга чейин созулары айтылган.

«Таштар саат 9:00дөн 15:00гө чейин кулатылат. Бул убакытта жол жарым-жартылай жабылат. Трассаны тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен жүрөт. 30-40 автоунаа топтолуп калса таш кулатуу иштери токтотулмакчы», — деп айтылат кабарда.

Министрлик жолго чыкчу убакытты алдын ала пландап алууну сунуштады.

16 Май 2024 жыл 9:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча