Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Боом капчыгайында «Кыргыз милициясына 100 жыл» деген жазуу пайда болду

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Боом капчыгайындагы тоонун бооруна «Кыргыз милициясына 100 жыл» деген жазуу түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Аталган демилге ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан көтөрүлүп, ишке ашырылды.

Иш-чарада Күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаров өлкөнүн өнүгүшүнө милициянын кошкон салымын айтып, мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоодогу анын ролунун маанилүүлүгүн белгилеген.

13 Май 2024 жыл 7:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча