Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

«Биз үчүн күтүүсүз болду». Кыргызстанга TikTokтун регионалдык директору келди


Сергей Соколов Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринин жетекчилери менен жолугуп, плафтормага коюлган маселени чечүүнүн жолдорун издей турганын AКИpress жазды.

«Эки жыл мурун биз КР өкмөтү менен түз байланыш каналын түзгөнбүз. Бирок быйыл бул канал аркылуу бизге эч кандай кайрылуу же даттануулар түшкөн жок, андыктан TikTokту Кыргызстанда бөгөттөө чечими биз үчүн күтүүсүз болду. Бул кабарды уккандан кийин дароо компетенттүү органдарга, анын ичинде Маданият министрлигине жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылдык. Биз Бишкекке кызыкдар ведомстволордун жана мамлекеттик органдардын жетекчилиги менен жеке жолугуп, платформанын коопсуздугу боюнча кооптонуусун жоюп, биздин күнөөсүз үзгүлтүккө учураган диалогду кайра улантып, маселенин бир жолун табуу үчүн учуп келдик«,-деген Соколов.

Буга чейин Маданият министрлиги Кыргызстанда Tik Tok сервисин жабууну чечкенин билдирген. Ведомствого бир катар бейөкмөт уюмдар кайрылып, соцтармак балдардын психикасына терс таасир тийгизип жатканын айтышкан.

7 Сентябрь 2023 жыл 8:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча