Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
WhatsApp Image 2024 04 15 at 11.55.35

Бишкектин вице-мэри мыйзамсыз курулган коммерциялык обьектилерди калкалаганы үчүн кармалды

10 / 100

КР УКМК тарабынан муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүндөгү
коррупциялык механизмдерди демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү
иштердин жүрүшүндө Бишкек шаарынын вице-мэри тарабынан кызматтык абалынан
кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, мурда Бишкек
шаарынын администрацияларынын биринин жетекчиси болуп турган С.М.Ш., мыйзамсыз
баюу максатында аффилирленген жак менен жеке кызыкчылык үчүн тил табышып,
ишкердик субъектине негизсиз жана мыйзамсыз преференцияларды берүү боюнча
туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган.
Тактап айтканда, С.М.Ш. мыйзамсыз түрдө өзүнүн компетенциясынын чегинен чыгып,
шаардын так ортосунан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин ак
ниетсиз ишкердик субъектине бөлүп берүү боюнча көрсөтмө берген. Аталган жер
тилкесинин базар баасы бүгүнкү күндө 200 миң АКШ долларын түзөт.
Аны менен катар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун профилдик органдары
тарабынан аянты 300 чарчы метр болгон бул коммерциялык объектти эч кандай уруксат
берүүчү документтери жок куруу фактысы аныкталган. Ошонун негизинде объект
белгиленген тартипте бузулууга тийиш болгон. Бирок, С.М.Ш. өзүнүн ыйгарым
укуктарын колдонуп, бул процессти ар тараптан токтотуп, ар кандай тоскоолдуктарды
жараткан. Натыйжада, мыйзамсыз объект демонтаждалган эмес.
Белгилей кетсек, буга чейин борбор калаанын тургундарына жана конокторуна
ыңгайлуу болуусу үчүн курулган объектинин ордунда сейил бак жашылдандырылган.
Аянтты көрктөндүрүү боюнча тендер да С.М.Ш. тарабынан демилгеленип, аны
өткөрүүдө да коррупциялык факты аныкталды. Алсак, аянтка жергиликтүү бюджеттен 17
миллион сомдон ашык каражат жумшалса, курулуш экспертизасынын алдын ала
анализинин жыйынтыгында иш жүзүндө аткарылган иштер 6-7 миллион сомго ашыкча
бааланган.
Аталган факты боюнча өзүнчө иш жүргүзүлүп, текшерүү иш-чаралары уюштурулуп,
керектүү экспертизалар дайындалды.
УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде козголгон кылмыш
ишинин алкагында Бишкек шаарынын вице-мэри С.М.Ш. жана ишкер Т.Б.М. кармалып,
УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

15 Апрель 2024 жыл 9:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча